2024-жылдын 11-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы элчиси Өмүрбек Текебаев менен «TELC gGmbH» тил институтунун башкаруучу директору Юрген Кайхердин жолугушуусу болуп өттү.

185

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен TELC институтунун ортосунда немис тилин ар кандай деңгээлде окутуу жана Германияда таанылган немис тил сертификаттарын алуу боюнча кызматташууну түзүү жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстанда жаштар арасында немис тилине болгон кызыгуу күчөп жатканын белгилеп, TELC институтун Кыргызстан менен кызматташууга чакырды.TELC институтунун башкаруучу директору Ю.Кайхер институттун немис тилин окутууда чоң тажрыйбасы бар экенин белгилеп, Институт Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Тараптар өз ара аракеттенүү мүмкүнчүлүктөрүн, анын ичинде TELC институту менен Кыргызстандын ортосундагы кызматташтыкты түзүү маселесин кеңири талкуулашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK