2024-жылдын 11-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Майндагы Франкфурт шаарынын шаардык кеңешинин (парламентинин) спикери Хилима Арсланердин жолугушуусу болуп өттү

155

2024-жылдын 11-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Майндагы Франкфурт шаарынын шаардык кеңешинин (парламентинин) спикери Хилима Арсланердин жолугушуусу болуп өттү. .

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, ошондой эле аларды мындан ары кеңейтүү жолдору талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын өкүлдөрүнүн ортосунда түрдүү деңгээлдеги иш сапарлар менен алмашуунун, парламенттер аралык кызматташтыкты жана маданий-гуманитардык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Жолугушуунун жыйынтыгында Тараптар эки тарапты кызыктырган түрдүү маселелер боюнча конструктивдүү өз ара кызматташууну улантууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK