2024-жылдын 12-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын Премьер-министринин Канцеляриясынын (Аппаратынын) башчысы жана Мамлекеттик катчы Фабиан Кирш менен жолугушуусу болуп өттү

181

2024-жылдын 12-мартында Майндагы Франкфурт шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын Премьер-министринин Канцеляриясынын (Аппаратынын) башчысы жана Мамлекеттик катчы Фабиан Кирш менен жолугушуусу болуп өттү.

          Жолугушууда Элчи Ө.Текебаев кыргыз-герман кызматташтыгынын маселелери, ошондой эле экономикалык чөйрөдө боло турган биргелешкен иш-чаралар тууралуу маалымат берди. Ал Кыргызстандын Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагы менен кызматташууну кеңейтүүгө кызыкдар экенин билдирди.

          Мамлекеттик катчы Ф.Кирш Кыргызстан менен Рейнланд-Пфальц Федералдык аймагынын ортосундагы кызматташтыктын чоң потенциалын белгилеп, эки тарапты кызыктырган бардык тармактарда тыгыз кызматташууга даяр экенин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK