2024-жылдын 8-мартында Германиянын Эрфурт шаарында Эл аралык айымдар майрамына арналган кыргызстандык популярдуу рэп-аткаруучу “Улукманапонун” концерти болуп өттү

187

2024-жылдын 8-мартында Германиянын Эрфурт шаарында Эл аралык айымдар майрамына арналган кыргызстандык популярдуу рэп-аткаруучу “Улукманапонун” концерти болуп өттү. Концерт Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигинин көмөгү менен «Frankfrut Kyrgyz Community» диаспоралык уюму тарабынан уюштурулду.

Иш-чарага 400дөн ашык кыргызстандыктар жана Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчилигини Майндагы Франкфурт шаарындагы өкүлү катышып, концерттин уюштурулушунун урматына сөз сүйлөп, айымдарды 8-март майрамы менен куттуктады.

Концерттин өзгөчө коногу болуп белгилүү ырчы Жанатбек Турушбеков “Jax 02.14” катышып, өзүнүн автордук чыгармаларын аткарды. Иш-чарага Германиянын бардык аймактарынан коноктор келип, алар өз кезегинде концерттин уюштурулушуна ыраазычылыгын билдиришти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK