2024-жылдын 13-мартында Дортмунд шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Дортмунд шаарынын Кол өнөрчүлөр палатасынын президенти Бертольд Шрёдердин жолугушуусу болуп өттү

168

2024-жылдын 13-мартында Дортмунд шаарында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен Түндүк Рейн-Вестфалия Федералдык аймагынын Дортмунд шаарынын Кол өнөрчүлөр палатасынын президенти Бертольд Шрёдердин жолугушуусу болуп өттү. Дортмунддун Кол өнөрчүлүк палатасынын 5 окуу борбору бар, алар жыл сайын дуалдык билим берүү системасы боюнча 21 миңге жакын студентти ар кандай орто техникалык кесиптерге даярдашат.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргызстанда жана Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо жана аларды ишке орноштуруу боюнча кызматташууну орнотуу жана өнүктүрүү маселелери талкууланды.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын Федералдык аймактарынын ортосундагы квалификациялуу кадрларды даярдоо жаатындагы кызматташтыктын учурдагы өнүгүүсү тууралуу маалымат берип, Дортмунд шаарынын Кол өнөрчүлөр палатасына кызматташууну сунуштады.

Б.Шрёдер Дортмунддун Кол өнөрчүлөр палатасы Дортмунд шаарындагы 20 миңден ашык фирма менен кызматташып жатканын айтып, ишканаларда ар кыл тармактагы квалификациялуу кадрлардын жетишсиздигин белгиледи. Ал Кыргызстанда жана Германияда квалификациялуу кадрларды даярдоо максатында Дортмунд шаарынын Кол өнөрчүлөр палатасы Кыргызстан менен кызматташууга даяр экенин билдирди.

Иш сапарынын алкагында Элчи Ө.Текебаев окуу класстарын кыдырып, Дортмунд Кол өнөрчүлөр палатасынын студенттеринин окуу процесси жана практикасы менен таанышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK