2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Бундестагынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Бундестагдын депутаты Кристоф Хоффман менен жолугушуусу болуп өттү

227

2024-жылдын 25-апрелинде Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаевдин Германиянын Бундестагынын экономикалык кызматташтык жана өнүгүү боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу, Бундестагдын  депутаты Кристоф Хоффман менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-герман кызматташтыгынын актуалдуу маселелери, регионалдык кызматташтык жана эл аралык маселелер боюнча конструктивдүү пикир алмашуу болду.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосундагы көптөгөн чөйрөлөрдө тыгыз кызматташтыктын ишке ашып жаткандыгын белгиледи жана ошондой эле кызматташуу жылдарындагы өнүктүрүү саясатынын алкагындагы ийгиликтүү кызматташуу үчүн герман тарабына ыраазычылык билдирди.

Тараптар мындан аркы өз ара аракеттенүү маселелерин, анын ичинде сапарларды уюштуруу маселелерин талкуулашты жана эки өлкөнүн экономикасынын жана маданий-гуманитардык кызматташтыгынын түрдүү чөйрөлөрүндө кызматташууда чоң потенциал бар экендигин белгилешти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK