2024-жылдын 8-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “AKA Bank” аткаруучу директору Марк Венчик менен жолукту
2024-жылдын 8-майында Берлин шаарында Кыргыз Республикасынын Германиядагы Элчиси Өмүрбек Текебаев Германиянын “AKA Bank” аткаруучу директору Марк Венчик менен жолукту.
Жолугушууда Кыргызстан менен Германиянын ортосунда банк жана финансы жаатында кызматташууну активдештирүү, анын ичинде Германиянын технологияларын, жабдууларын жана техникаларын сатып алуу үчүн герман банктарынын каражаттарын колдонуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Ошону менен бирге, 2024-жылдын 20-июнунда кыргыз-герман бизнес-форумун Майндагы Франкфурт шаарында өткөрүү сүйлөшүлдү.