2024-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен “Солчул” партиядан Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы Германия-Борбор Азия тобунун төрагасынын орун басары Андре Хаандын жолугушуусу болуп өттү

272

2024-жылдын 16-майында Кыргыз Республикасынын Германия Федеративдүү Республикасындагы Элчиси Өмүрбек Текебаев менен “Солчул” партиядан Бундестагдын депутаты, Бундестагдагы Германия-Борбор Азия тобунун төрагасынын орун басары Андре Хаандын жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушууда кыргыз-герман кызматташтыгынын, анын ичинде парламенттер аралык кызматташуунун актуалдуу маселелери талкууланды. Тараптар ошондой эле регионалдык кызматташтык маселелерин талкуулашты.

Элчи Ө.Текебаев Кыргызстан менен Германиянын ортосунда дипломатиялык мамилелер орнотулгандан бери ар түрдүү тармактарда ийгиликтүү мамилелерди белгилеп, алардын мындан ары кеңейиши кызматташтыкты бекемдөөгө өбөлгө болорун билдирди.

Элчи ошондой эле Бундестагдын депутаты А.Хаан жана германиялык өнөктөштөр тарабынан «Кыргыз Республикалык майыптар коому» коомдук бирикмесине көрсөткөн колдоосун ыраазычылык менен белгиледи.

Бундестагдын депутаты А.Хаан эки өлкөнүн кызматташтыгын мындан ары тереңдетүүгө, анын ичинде мүмкүнчүлүгү чектелген Кыргыз Республикасынын жарандарын колдоого көмөк көрсөтүүгө даяр экенин билдирди.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK