Маданий-гуманитардык кызматташтык

Маданий-гуманитардык кызматташтык Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу мамиледе бир кыйла маанилүү орунду ээлейт.

Учурда Кыргызстанда 7000ден ашык индиялык студенттер бар, алардын басымдуу бөлүгү Кыргыз Республикасынын Жогорку окуу жайларынын медициналык факультеттеринде (КР ЭАУ, ОшМУ, ЖАМУ, АзМИ, КММА, КРСУ) окушат.

Ал эми Индия өлкөсүндө акыркы жылдар ичинде үзгүлтүксүз негизде Техникалык кызматташтыктын индиялык программасы (IТЕС) жана Маданият алмашуу программасы (IССR) курстарында жыл сайын Кыргыз Республикасынын мамлекеттик кызматкерлери окуудан өтүшөт.

КР ЭАУнун Медицина Эл аралык Жогорку мектебинин базасында Кыргызстанда индиялык студенттерге практикалык базаны берүү максатында 2018-жылы заманбап медициналык жабдуусу менен «Веданта» медициналык борбору түзүлдү.

Андан мурда, 2017-жылы Кыргыз-Россия Славян Университетинин госпиталынын базасында Кыргызстанда гемодиализ борборунун ачылышы болгон.

Ошондой эле, индия тарап менен электрондук башкаруу чөйрөсүндө жана кыргыз адистерин Индияда IТ технологиясы чөйрөсүндө окутуу боюнча кызматташуу иштери жүргүзүлүп жатат.

Акыркы жылдар ичинде кинематография чөйрөсүндө биргелешип иштөө  боюнча индиялык Болливуд менен кызматташууда.

Кыргызстанда 2016-жылдан тартып 2018-жылга чейин белгилүү индия аткаруучулары менен ар түрдүү видеоклиптер тартылды жана белгилүү актерлор С.Датта жана актриса Н.Факхринин катышуусу менен «Торбааз» көркөм тасмасы тартылды.

Индияга «Балажан» Эстетикалык тарбиялоо республикалык окуу-методикалык борборунун бийчилери жана комузчулары, ошондой эле  «Таберик», «Гаухар», «Акак», «Шаттык», «Керемет» ж.б. балдар ансамблдери дайыма келип өз өнөрлөрүн көрсөтүп турушат.

Бул ансамблдер ар кандай эл аралык фестивалдарга үзгүлтүксүз катышып турушат, анын ичинде  Гвалиор шаарында өткөн «Udbhav Utsav» бийчилердин эл аралык фестивалы, «Сураджкунд-Мела» этнографиялык фестивалы, «Дели Арт Фестиваль», «Рандеву» ж.б. бар.

2016-жылдын 18-мартында жарыяланган Тарых жана маданият жылынын алкагында Кыргызстанда Кыргыз Республикасынын артисттеринин катышуусу менен «Кыргыз маданият кечеси» уюштурулган.

 

Индия рыногуна өз продукциялары жана буюмдары менен Кыргызстандын дизайнерлери үзбөй чыгып турушат. Саркеч Фэшн-шоу аянтчасына жана Индиянын маданий фестивалдарына кыргыз дизайнерлеринин талбай катышуусу менен белгилүү болгон кыргыз элдик кол өнөрчүлүгү бул жерде өзгөчө орунду ээлейт.

Кыргыз спортсмендери да Индияда өтүүчү күрөш, футбол, теннис жана башка спорттун түрлөрү боюнча мелдештерге активдүү катышып турушат.

Индия спортсмендери биздин өлкөнү үч жолу катары менен татыктуу колдоп беришти жана Кыргызстанда өткөн Көчмөндөрдүн Бүткүл дүйнөлүк оюнуна активдүү катышышты.

Хинди тилине «Манас.Семетей.Сейтек» үч илтиги которулду, ал эми кыргыз тилине 2016-жылы КР Президентинин Индияга жасаган Мамлекеттик иш сапарынын жүрүшүндө презентацияланган «Өмүр боектору» ырлар жыйнагы которулду.

2018-жылы Ч.Айтматовдун 90-жылдыгын белгилөө алкагында Дж.Неру университетинин профессору Киран Сингх Верманын “Чыңгыз Айтматов. Аңгемелер. Хиндиге которуу” аттуу китеби презентацияланды.