Документтерди мыйзамдаштыруу

Мыйзамдаштыруу – ушул мамлекеттин мыйзамдарына ылайык мамлекеттик бийлик тарабынан чыгарылган же ушул бийликтин катышуусунда түзүлгөн документтин тастыкталышы. Ал кол койгон кызмат адамынын колунун жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын мөөрүнүн аныктыгын ырастайт.

Индия аймактарында колдонуу үчүн тийиштүү документтерди мыйзамдаштырууда төмөнкү документтерди көрсөтүү керек:

  1. Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына документтерди мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен кайрылган арыз, паспортунун жана колдонуудагы индия визасынын көчүрмөсү тиркелүүгө тийиш; 
  2. Мыйзамдаштырууга жаткан документтин көчүрмөсү милдеттүү түрдө төмөнкү түзүмдөрдүн мөөрлөрү менен ырасталууга тийиш:
  • Кыргыз   Республикасынын Мамлекеттик нотариалдык конторасы
  • Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлиги
  • Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги

Кыргыз Республикасынын аймагында колдонуу үчүн зарыл болгон документтерди мыйзамдаштыруу үчүн төмөнкү документтерди көрсөтүү керек:

  1. Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына документти мыйзамдаштыруу өтүнүчү менен кайрылган арыз жана паспортунун жана колдонуудагы индия визасынын көчүрмөлөрүнүн тиркемеси;
  2. Эгерде ал юридикалык жак болсо – Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына арыз берүүчүнүн өздүк маалыматтарын (аты-жөнү, паспорттук маалыматтары ж.б.) көрсөтүү менен компаниянын атынан коштомо кат көрсөтүлүүгө тийиш;
  3. Индиянын мамлекеттик/мамлекеттик эмес органдары тарабынан берилген бардык документтер Индиянын тышкы иштер министрлигинен мыйзамдаштырылышы керек.

Консулдук мыйзамдаштырууга жатпаган документтер:

Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 21-февралындагы  “Консулдук мыйзамдаштырууну ишке ашыруу тартиби жөнүндө жобону бекитүү” тууралуу №60 токтомуна ылайык, төмөнкү документтер мыйзамдаштырылбайт:

  • паспорттор
  • аскердик билеттер
  • эмгек китепчелери
  • айдоочунун күбөлүктөрү
  • транспорт каражаттарын каттоо тууралуу техникалык паспорттор
  • профсоюздук билеттер
  • коомдук катмары жана дини тууралуу документтер

Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарына зыян келтирүүчү же анын жарандарынын аброюна шек келтирүүчү мазмундагы документтер мыйзамдаштырылбайт.