Документерди таануу жана суратып алдыруу

Кыргыз Республикасынын документтерди суратып алдырууга Кыргыз Республикасынын жарандары, чет өлкөлүк жарандар жана жарандыгы жок адамдар укуктуу.

Кыргыз Республикасынан документтерди суратып алдыруу үчүн (соттолбогондугу жөнүндө, жарандык абал жөнүндө, туулгандыгы тууралуу, нике тууралуу, өлгөдүгү тууралуу күбөлүк жана башка мурагаттык документтер) төмөндөгүдөй документтерди жөнөтүлүшү зарыл.

1. Индия Республикасындагы Кыргыз Республикасынын Элчилигинин атына жашаган жери, тел номери, электрондук почта дареги, ошондой эле Кыргыз Республикасынан зарыл болгон документтерди суратып алдыруу өтүнүчү менен жазылган арызы;

2. Бир түстүү сүрөт 3х4 см;

3. 3 нускада толтурулган анкета;

4. Кыргыз Республикасынын паспортунун көчүрмөсү;

5. Индиядагы КР Элчилигинде консулдук каттоодон өткөндүгү паспортунун барагынан көчүрмөсү (Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн);