Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Садыр Жапаровго КР менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду

1669

Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Садыр Жапаровго КР менен Индиянын ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду

Индия Республикасынын Президенти Рам Натх Ковинд Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго эки өлкөнүн ортосундагы дипломатиялык мамилелердин түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына байланыштуу куттуктоо катын жолдоду

“Биздин эки тараптуу мамилелерибиз тарыхый жана цивилизациялык байланыштарга негизделет. Акыркы отуз жылдын ичинде биздин мамилелер ар кайсы тармактарда ургалдуу өнүгүп келе жатат. Үстүбүздөгү жылдын январь айында “Индия-Борбордук Азия” механизмин институтташтыруу биздин мамилелерди аймактык өнүгүүнүн жана коопсуздуктун жаңы бийиктиктерине көтөрдү.

Биздин мамилелер элдерибиздин жыргалчылыгы үчүн мындан ары да бекемдей берерине ишенем”, - деп айтылат куттуктоо текстинде.

Индиянын Президенти Рам Натх Ковинд Президент Садыр Жапаровго чың ден-соолук жана бакубатчылык, ошондой эле Кыргыз Республикасынын дос элине бакыт жана гүлдөп-өнүгүүнү каалады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK