Элчи А.Исаев Дакканын Соода-өнөр жай палатасынын Президентинин милдетин аткаруучу Арман Хак менен жолугушту

1739

Элчи А.Исаевдин Бангладеш Эл Республикасынын Президентине Ишеним грамоталарын тапшыруу аземине катышуу үчүн Бангладештин Дакка шаарына жумушчу сапарынын алкагында, 23-мартта ал Дакканын Соода-өнөр жай палатасынын Президентинин милдетин аткаруучу Арман Хак менен жолугушту.

Тараптар текстиль өнөр жайы, фармацевтика, IT, туризм жана алтын казуу тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө күч-аракет жумшоого макулдашты.

Буга байланыштуу Кыргыз Республикасынын Соода-өнөр жай палатасы менен Дакканын Соода-өнөр жай палатасынын ортосунда кызматташуу боюнча Меморандумга кол коюу, ошондой эле тиешелүү бизнес-форумдарды уюштуруу пландалууда.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK