Бүткүл Индия жетишкендиктер форумунда Кыргыз Республикасынын «Дипломатиялык сааты»

1629

2022-жылы 21-июлда Нью-Делиде Бүткүл Индиянын жетишкендиктери форумунун 62-саммити болуп өттү, анын ачылышы Кыргыз Республикасы менен кызматташууга арналды.

Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаев өз сөзүндө индиялык ишкерлердин Кыргызстандагы ишмердүүлүгүнүн мүмкүнчүлүктөрү жана артыкчылыктары менен тааныштырды. Кыргыз Республикасынын Индиядагы элчилигинин кызматкерлери Кыргыз Республикасынын инвестициялык климаты жана туристтик мүмкүнчүлүктөрү тууралуу кеңири айтып беришти.

Иш-чарага Индиянын федералдык тамак-аш өнөр жай министри Прахлад Сингх Пател жана Харьяна штатынын губернатору Бандару Баттатрея да катышты.

Саммиттин ишине маалымат технологиялары, билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, айыл чарба, кайра иштетүү өнөр жайы, ЖМК ж.б. тармактардан 300дөн ашык делегат катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK