Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Исаевдин миссиясынын аякташынын урматына салтанаттуу түшкү тамак

1082

Ушул жылдын 7-ноябрында Индиянын Тышкы иштер министрлигинде Индиянын мамлекеттик тышкы иштер министри Менакши Лекхи айымдын атынан Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси Асеин Исаевдин дипломатиялык миссиясынын аякташына байланыштуу салтанаттуу түшкү тамак берилди.

Кабыл алууда Индиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий кызматкерлери, ошондой эле Борбордук Азия өлкөлөрүнүн элчилери катышты.

Өз сөзүнүн жүрүшүндө мамлекеттик министр М.Лекхи акыркы мезгилде кыргыз-индия мамилелеринин өнүгүүсүндөгү олуттуу ийгиликтерди белгиледи: Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосунда стратегиялык өнөктөштүктү орнотуу, «Индия-БА» диалогун түзүү институтташтыруусу, жогорку жана өтө жогорку деңгээлдеги байланыштарды активдештирүлүүсү, Индиядан Кыргыз Республикасына жана Кыргыз Республикасынан Индияга ири бизнес делегацияларынын тез-тез сапарлары, ошондой эле Индиянын театр сахналарында кыргыз артисттеринин таасирдүү спектаклдери.

Индиялык бизнестин Кыргызстан менен кызматташууга, биргелешкен ишканаларды уюштурууга, ошондой эле инфраструктуралык жана өнөр жай долбоорлорун ишке ашырууга кызыгуусу арткандыгы туурадуу белгиленди. Соода-экономикалык обороттун эки эсе өсүшү баса белгиленди.

Индиялык көрүүчүлөрдүн жогорку кызыгуусун эске алуу менен, мамлекеттик министр Кыргыз Республикасынын чыгармачыл жамааттарын ушул жылдын декабрь айында Индияда өтүүчү эл аралык иш-чараларга катышууга чакырды.

Кыска жана орто мөөнөткө пландар эки тараптуу шарттарда да, «Индия-БА» диалогунун алкагында да, ошондой эле Индиянын ШКУга учурдагы төрагалык кылуусунун алкагында да талкууланды.

Белгилей кетсек, Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчисинин миссиясынын аякташынын урматына уюштурулган расмий кабыл алуу индиялык тарап Кыргыз Республикасы менен эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө чоң маани берип жатканын айгинелейт.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK