Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы Жогорку билим берүү боюнча 17-эл аралык конференциясы “FICCI Higher Education Summit-2022” көргөзмөсүнө катышты

959

2022-жылдын 17-ноябрынан 19-ноябрына чейин Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы Жогорку билим берүү боюнча 17-эл аралык конференциясы “FICCI Higher Education Summit-2022” көргөзмөсүнө катышты.

Платформа билим берүүнүн жеткиликтүүлүгүн жакшыртуу, анын сапатын жогорулатуу, билим берүү системасын модернизациялоо жана адам ресурстарына инвестициялоо менен заманбап жогорку билим берүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоого жана пикир алмашууга мүмкүнчүлүк берет.

17-конференция-көргөзмө дүйнөнүн 40тан ашык өлкөсүнөн 300дөн ашык билим берүү тармагынын өкүлдөрүнүн катышуусунда ийгиликтүү өттү.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK