Кыргыз Республикасынын Элчилигинин кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеге катышуусу

350

2023-жылдын 4-февралында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги кайрымдуулук дипломатиялык жарманкеге катышты.

Бул жылы эл аралык иш-чара Индияда аккредиттелген 20дан ашык дипломатиялык өкүлчүлүктөрдү бир аянтчага чогултту.

Көргөзмөгө ар бир өлкө продукциясынын мыкты түрлөрүн, ашканасын жана улуттук кийимдерин көрсөтүштү. Дипломатиялык базар музыка, бий жана ошондой эле чет мамлекеттерден жана Индиядан келген чыгармачыл топтордун оюн-зооктору менен коштолду.

Кыргызстан жыл сайын өтүүчү бул жарманкенин туруктуу катышуучусу катары кыргыздын даамдуу балын, Кыргыз Республикасынын аймактарынан келген айыл чарба азыктарынын ар кандай түрлөрүн, улуттук сувенирлерди жана Кыргызстан жөнүндө брошюраларды тартуулады. Ч.Айтматов атындагы мамлекеттик жаштар сыйлыгынын лауреаты, «Ак шоола» элдик үлгүлүү театралдык балдар хорунун аткаруусундагы улуттук бий жана ыр-күүлөр менен коштолушу иш-чаранын катышуучуларына жана көрүүчүлөргө унутулгус таасир калтырды.

Кыргызстандын павильону ар дайым өзүнүн экологиялык жактан таза продукциялары менен атагы чыгып, бул жолу жарманкеге миңдеген конокторду чоң кызыгуу менен тартты.

Салт боюнча, көргөзмөнүн жыйынтыгында ар бир өлкө Нью-Делинин социалдык мекемелеринин бирине өзүнүн өзгөчө кайрымдуулук салымын кошту.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK