Кыргыз Республикасынын делегациясы «Сураджкунд Мела» салттуу кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестиваль-жарманкесине катышты

320

2023-жылдын 3-февралынан 19-февралына чейин Харьяна штатынын Фаридабад шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы «Сураджкунд Мела» салттуу кол өнөрчүлүк боюнча эл аралык фестиваль-жарманкесине катышты.

Бул жылы иш-чаранын өнөктөштөрү ШКУ өлкөлөрү болуп, тематикалык штаттар катары Индиянын түндүк-чыгыш штаттары Ассам, Аруначал-Прадеш, Манипур, Мизорам, Мегхалая, Нагаланд, Сикким жана Трипура тандалды.

Кыргыз Республикасынан 34 адамдан турган өлкөбүздүн булуң-бурчунан келген кол өнөрчүлөр жана «Ак-Шоола», «Даткайым» жана «Кыз-Кербез» чыгармачыл топтордун делегациясы катышты.

Иш-чаранын аянтында Кыргызстандан келген катышуучулар ата мекендик продукцияны, улуттук бийлерди жана элдик аспаптарды, ошондой эле улуттук кийимдер жана сувенирлер аркылуу кыргыз элинин маданиятын тартуулашты.

Фестивалда Кыргызстандын павильондору көптөгөн конокторду чогултуп, чоң популярдуулукка ээ болуп, экологиялык таза айыл чарба продукциялары, кол өнөрчүлүктүн жана улуттук кийимдердин түрдүүлүгү жана түсү менен кызыгууну жаратып кубандырды.

19-февралда салтанаттуу жабылыш аземинде кыргызстандык артисттерге өлкөлөрдүн парад контингентине катышкандыгы үчүн «Суражкунд Мела» фестивалынын атайын сыйлыгы ыйгарылды.

Маалымат үчүн: Суражкунд Мела – Индиянын штаттарынан жана чет өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөрдүн түрдүү буюмдары тартууланган жарманке, жыл сайын миңдеген катышуучуларды чогултат жана дүйнөдөгү эң ири кол өнөрчүлүк жарманкеси болуп саналат.

Фестивал-жарманке 1981-жылдан бери Харьяна Өкмөтүнүн Туризм департаменти тарабынан Борбордук Өкмөттүн министрликтеринин (Туризм, текстиль, Тышкы иштер жана Маданият) жардамы менен үзгүлтүксүз уюштурулуп келет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK