Кыргыз Республикасынын Элчиси А.Бешимов Шри-Ланканын Тышкы иштер мамлекеттик министри Тарака Баларусия менен жолугушту

139

2024-жылдын 2-февралында Кыргыз Республикасынын Шри-Ланкадагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А. Бешимов менен Шри-Ланканын Тышкы иштер мамлекеттик министри Тарака Баларусиянын жолугушуусу өттү.

Жолугушууда Элчи А. Бешимов кыргыз тарап Шри-Ланка менен достук мамилелерди ар тараптуу өнүктүрүүгө чоң маани берерин белгиледи.

Тараптар Кыргыз Республикасы менен Шри-Ланканын ортосундагы кызматташтык көп тараптуу уюмдардын алкагында жемиштүү өнүгүп жатканын баса белгилешти. Өлкөлөр эл аралык аренада көп тараптуу кызматташтыктын маселелери боюнча бирдиктүү жана терең өз ара түшүнүшүүгө ээ.

Соода-экономикалык кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрүнө өзгөчө көңүл бурулду. Тараптар эки тараптуу соода мамилелеринин болгон потенциалы биринчи кезекте географиялык алыстыкка жана транспорттук-коммуникациялык байланыштарды түзүүдөгү кыйынчылыктарга байланыштуу толук пайдаланылбай жаткандыгы жөнүндө пикирге келишти.

Элчи А. Бешимов Кыргыз Республикасынын инвестициялык потенциалы тууралуу кыскача маалымат берди. Өзгөчө кызыгууну чакан ГЭС куруу тармагында мүмкүн болуучу кызматташуу туудурду.

Т.Баларусия Шри-Ланканын кичи ГЭСтерди куруу жана эксплуатациялоо боюнча зор тажрыйбасын белгилеп, Шри-Ланка тараптын бул тармакта тажрыйба алмашууга даярдыгын билдирди.

Тараптар эки тараптуу кызматташтыкты бардык аспектилерде бекемдөө жана кеңейтүү үчүн байланыштарды улантууну макулдашышты.

Ошондой эле, 2024-жылдын 2-февралында Элчи А. Бешимов «СЕС Group» компаниясынын башкармалыгынын Төрагасы Ашок Рандени менен жолугушту.

Жолугушууда Кыргызстанга Шри-Ланкадан инвестиция тартуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды Тактап айтканда, А.Рандени мейманканаларды, конок үйлөрүн куруу, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү жана туризм боюнча биргелешкен долбоорлорго 25-30 млн.АКШ долл. инвестиция салууга даяр экенин билдирди.

Тараптар 2024-жылдын биринчи жарымында түз бизнес байланыштарды жана тиешелүү келишимдерди түзүү үчүн «CEC Group» компаниясынын бизнес-делегациясынын Кыргызстанга сапарын уюштурууну макулдашты.

Маалымат үчүн: «CES Group» Шри-Ланканын курулуш, туризм жана айыл чарба тармагындагы алдыӊкы компаниялар тобунун бири.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK