Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги кайрымдуулук дипломатиялык базарына катышты

155

2024-жылдын 3-февралында Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчилиги 33-Эл аралык кайрымдуулук дипломатиялык базарына катышты.

Элчиликтин павильонунда ата мекендик усталардын кийизден колго жасалган баш кийим буюмдары, зер буюмдары, ар кандай сувенирлер, ошондой эле бышкан азыктар, ак бал жана кургатылган жемиштер коюлду.

Жарманкенин жүрүшүндө Кыргызстандын павильонуна келген коноктор Кыргыз Республикасынын туристтик мүмкүнчүлүктөрү менен таанышууга да чакырылып, өлкө тууралуу маалымат камтыган брошюралар жана хинди тилиндеги «Манас» эпосу жөнүндө китеп тапшырылды.

Иш-чаранын аянтында ар кайсы өлкөлөрдөн келген чыгармачыл топтордун өнөрлөрү көрсөтүлүп, анын ичинде Кыргызстандан келген топ “Жалын бий” композициясына кыргыз эл бийин, комузда “Шаттык” күүсүн жана “Кыргыз калкым” ырын аткарып тартуулады. Артисттердин улуттук кийимдери жарманкеге келгендердин көңүлүн өзгөчө буруп, фотосессияга катышууга мүмкүнчүлүк түздү.

Жарманкеге келгендер күн бою ар кайсы мамлекеттердин улуттук буюмдары, ашканасы, кийимдери, бийи жана музыкасы менен таанышууга мүмкүнчүлүк алышты.

Маалымат үчүн: Дипломатиялык базар жыл сайын Дели Аялдар Ассоциациялары Шериктештиги (DCWA) тарабынан чет мамлекеттердин элчиликтери менен биргеликте уюштурулат. Иш-чара кайрымдуулук максатын көздөйт жана уюштуруучулар тарабынан чогултулган каражат Делинин Замрудпур районундагы медициналык борбордун, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген балдар үчүн окуутучу мекеменин муктаждыктарына жумшалат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK