Кыргыз Республикасы «Сураджкунд Мела» эл аралык жармаңкесине катышууда

155

2024-жылдын 2-18-февралында Харьяна штатынын Фаридабад шаарында Кыргыз Республикасынын делегациясы «Сураджкунд Мела» салттуу кол өнөрчүлүк эл аралык фестиваль-жармаңкесине катышууда.

Иш-чарага 20дан ашык чет мамлекеттер жана Индиянын штаттары катышууда. Быйыл фестивалдын өнөктөштөрү болуп Танзания жана Индиянын Гуджарат штаты тандалган.

Кыргыз Республикасы өлкөбүздүн бир катар облустарынан келген кол өнөрчүлөр, Ош шаарынан «Арууке» жана Нарындан «Наристе-Кызгалдак» чыгармачылык топтору жалпысынан 25 адам курамында катышууда.

Кыргызстандын павильонунда кыргыздын ак балы, кургатылган жемиштери, жүндөн, жибектен жасалган кол өнөрчүлүк буюмдары, ошондой эле ар кандай сувенирлер тартууланууда.

Фестивалдын негизги аянтында жана катышуучулардын парадында күн сайын эртең менен жана кечинде кыргыздын улуттук бийлери, ырлары жана күүлөрү аткарылууда.

Маалымат үчүн: Суражкунд Мела — Индия штаттарынан жана чет өлкөлөрдөн келген кол өнөрчүлөрдүн түрдүү буюмдары тартуулануучу жармаңке, 1981-жылдан бери Харьяна Өкмөтүнүн Туризм департаменти тарабынан борбордук өкмөттүн министрликтеринин (туризм, текстиль, тышкы иштер жана маданият) жардамы менен өткөрүлөт. Быйыл көргөзмө 37-ирет өтүүдө.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK