Нью-Делиде КР ТИМдин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинин бет ачары болду

118

2024-жылдын 27-мартында Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 80 жылдыгына арналган “Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинин бет ачары болуп өттү.

Китептин бет ачар аземи Элчилик тарабынан GTTCI Соода-өнөр жай палатасы менен биргеликте Бүткүл дүйнөлүк суу күнү менен айкалыштырылды. Ардактуу конокторунун арасында чет мамлекеттердин элчилери, дипломаттар, коомдук ишмерлер, туроператорлор, бизнес-коомчулук, ММКнын өкүлдөрү болду.

Иш-чара Кыргыз Республикасынын экономикасын туруктуу өнүктүрүү максатында стратегиялык жаратылыш ресурстарын пайдалануу, суу объектилерин эксплуатациялоо, климаттын өзгөрүшүнүн кесепеттерин жоюу, өлкөнүн гидроэнергетикалык жана туристтик потенциалын өнүктүрүү сыяктуу актуалдуу темаларды бириктирди.

Өз сөзүндө Элчи А.Бешимов иш-чаранын катышуучуларына Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинети тарабынан суу ресурстарын башкаруу боюнча көрүлүп жаткан чаралар, климаттын өзгөрүшүнө, анын ичинде мөңгүлөрдүн эришине таасир этүүсүнө каршы күрөшүү, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Президентинин «Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүүнү колдоо жөнүндө» жарлыгынын алкагында жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди.

“Кыргызстандын бай маданияты жана тарыхы” китебинде тарых, маданият, каада-салт, улуттук аспаптар жана кийимдер, оюндар, туристтик жерлер сыяктуу жана башка темадагы маалыматтар камтылган.

Басылманын негизги максаты - жаратылыш байлыктары, маданий каада-салттары жана Кыргызстан тууралуу билим жайылтуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK