PHD Соода-өнөр жай палатасындагы жолугушуу тууралуу
Иш-чаранын жүрүшүндө Элчиликтин 1-катчысы Акматкалый кызы А. тарабынан индиялык бизнес-компаниялардын өкүлдөрүнө эки өлкөнүн ортосундагы соода мамилелеринини өнүгүсүү тууралуу маалымат берилди жана фармацевтика, энергетика жана туризм тармагындагы инвестициялык долбоорлор КР ишкерлери тарабынан тартууланды.
Иш-чарага кичи жана орто бизнестин жыйырмага жакын өкүлдөрү катышып, алар Кыргызстанда бизнес жүргүзүү, түрдүү тармактарда кызматташуунун келечеги жана биргелешкен инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине активдүү кызыгышты.
Тараптар ошондой эле соода процедураларын жөнөкөйлөтүү, логистиканы, тейлөөнү жакшыртуу жана келишимдерге кол коюу маселелерин талкуулашты. Индиянын алдынкы соода палаталарынын биринде болгон жолугушуу биздин өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди мындан ары өнүктүрүүгө маанилүү түрткү берди.