Элчи А.Бешимовдун Индиянын Тышкы иштер министринин орун басары Паван Капур менен жолугушуусу болду

111

2024-жылдын 15-апрелинде Кыргыз Республикасынын Индиядагы Элчиси А.Бешимов менен Индиянын Тышкы иштер министринин жаңы дайындалган орун басары П.Капурдун жолугушуусу болуп өттү.

Элчи А.Бешимов П.Капурду Министрдин орун басары кызматына дайындалышы менен куттуктап, Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы эки тараптуу жана көп тараптуу өз ара аракеттенүүнүн бардык аспектилери боюнча эң активдүү биргелешкен ишке даяр экендигин билдирди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргызстан менен Индиянын ортосундагы кызматташтыктын актуалдуу маселелерин, биринчи кезекте жогорку жана эң жогорку деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды уюштуруу маселесин талкуулашты. Визиттерге даярдык көрүү алкагында учурда тараптардардын кароосундагы эки тараптуу документтердин долбоорлору боюнча ишти активдештирүү боюнча макулдашууга жетишишти. 

Кыргыз Республикасы менен Индиянын ортосундагы өз ара аракеттенүү эки тараптуу жана көп тараптуу форматта натыйжалуу өнүгүп жатканы өзүнчө белгиленди. Буга байланыштуу БУУнун жана башка уюмдардын алкагында өз ара колдоо көрсөтүү маселелери талкууланды. Ошондой эле Кыргыз Республикасында индиялык студенттерди окутуу маселелерге көңүл бурулду.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK