Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын Эгемендүүлүк күнүнө карата салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү

3431

2019-жылдын 17-октябрында Нью-Дели шаарында Кыргыз Республикасынын көз карандысыздыгынын 28 жылдыгына карата салтанаттуу кабыл алуу болуп өттү.

Салтанаттуу иш-чара «ITC Maurya» беш жылдыздуу мейманканасынын кабыл алуу залында болду.

Индия Өкмөтү тарабынан бул иш-чарага Коргоо иштери боюнча мамлекеттик министр/Аюрведа жана йога маселелери боюнча мамлекеттик министр Шрипад Йессо Наик мырза катышты.

Кыргызстандын элчиси А.Исаев мырза индиялык коноктордун алдында сөз сүйлөп, Кыргыз Республикасынын Президенти С.Ш.Жээнбековдун Индияга жана Индиянын Премьер-министри Н. Модинин Кыргыз Республикасына жасаган сапарынын жыйынтыгынын аркасында эки өлкө ортосундагы стратегиялык өнөктөштүктүн жетишкендигин өзгөчө белгиледи.

Айрыкча, Кыргыз Республикасынын Эл артисти, солист С.Садыкова менен “Камбаркан” фольклордук-этнографиялык ансамблинин жана «Ак-Марал» мамлекеттик бий ансамблинин аткаруусундагы чыгармалар иш-чаранын катышуучуларына эбегейсиз таасир калтырды.

Кеченин жүрүшүндө эки топтун аткаруусунда белгилүү элдик мелодиялар, бийлер жана ырлар жаңырып турду. Айрыкча, конокторго "Той", "Маш Ботой", "Кыргыз жери", "Алымкан", "Чайкама", "Эсиндеби" сыяктуу жана башка чыгармалар өзгөчө жакты.

Кеченин көркүн ачкан дагы бир иш-чара бул, Кыргызстандан келген мыкты ашпозчулар тарабынан көрсөтүлгөн кыргыз ашканасы болду.

Иш-чарага индия министерстволору менен ведомстволорунун өкүлдөрүн, дипкорпустун, бизнес-коомчулуктун өкүлдөрүн, медия өкүлдөрүн жана туроператорлорду кошкондо бардыгы болуп 300дөй конок катышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK