Кыргызстан Индиянын Гвалиор ш. «Udbhav Utsav» эл аралык бий фестивалында көрсөтүлдү.

3733

2019-жылдын 30-октябрынан 4-ноябрына чейин Кыргызстандын «Ак-Бермет» бий ансамбли Гвалиор шаарындагы «Udbhav Utsav» ар жылдык 16-Эл аралык бий фестивалына катышты.

Фестивалдын уюштуруучулары болуп Индиянын Маданият министрлигинин жана Мадья-Прадеш штатынын Өкмөтүнүн Маданият министрлигинин колдоосу менен  «Udbhav Sports and Cultural Organization Gwalior» өкмөттүк эмес уюму эсептелет.

Кыргызстан Фестивалда алтынчы жолу көрсөтүлдү жана кыргыз элинин анын улуттук музыкасындагы, бийиндеги жана кийиминдеги маданий көп түрдүүлүгүн көрсөттү.

Кыргыз бий тобунун чыгуусун эл жылуу жана чоң суктаныч менен кабыл алды. «Ак-Бермет» тарабынан аткарылган кызыктуу номерлерин, коноктор жана Фестивалдын катышуучулары энтузиазм менен байкап турушту. Ансамбль Фестивалдын уюштуруучуларынын атынан атайын сыйлыкка ээ болду. «Ак-Бермет» ансамблинин Индияда эл аралык маданий иш чарасында катышуусу индия элинин кыргыз элдик жана хореографиялык искусствосуна жана эки элдин маданий мамилелеринин мындан ары өнүгүүсүнө карата кызыгуусун ойготуусуна карай дагы бир кадам болуп калды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK