«Дастан» Трансулуттук корпорациясы (ТУК) жана «Бхарат Фордж» индия компаниясы аскер багытындагы продукцияны бирге модернизациялоо тууралуу Меморандумга кол коюшту

4571

«Дастан» Трансулуттук корпорациясы (ТУК) Төрагасы Т.Темиралиев жана «Бхарат Фордж» индия компаниясынын Аткаруучу директору Баба Кальяни аскер багытындагы продукцияны бирге модернизациялоо тууралуу Меморандумга кол коюшту. Кол коюу 2020-жылдын 5-8-февралында Лакхнау шаарында (Индия) өтүп жаткан коргоо өнөр жайы тармагындагы Defence Expo-2020 эл аралык көргөзмөсүнүн ишинде кыргыз делегациясынын катышуусу алкагында өткөрүлдү.

Меморандумга кол коюу аземинде Кыргыз Республикасынын Индиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси А.Исаев катышты.

«Биз деңиз бизнесинин сегментине кирүүбүзгө абдан кубанычтабыз. Бул кызматташтык эки компаниянын технологияларын жана алдыңкы технологияларын бириктирет. «Индияда жаса» саясатынын алкагында биздин ишмердүүлүгүбүздү бул сегментте кеңейтүү мүмкүнчүлүгүн чыдамсыздык менен күтөбүз», - деп айтты Баба Кальяни.

Меморандумдун ишке ашырылуусу аскердик продукциялардын биргелешкен сыноосун өткөрүүнү жана кеңейтилген биргелешкен өндүрүүнү тартипке келтирүүнү болжолдойт.

«Дастан» ТУК жана «Бхарат Фордж» индия компаниясы 2019-жылдын сентябрынан бери аскер багытында кызматташып келет.

Меморандумга кол коюу Индиянын массалык маалымат каражаттарында чагылдырылды: https://defence.capital/2020/02/05/bharat-forge-signs-up-mou-with-general-atomics-dastan-corp/

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK