Кыргызстандык спортсмен Айсулуу Тыныбекова Делиге келди
Бүгүн, 2020-жылдын 18-февралында, дүйнө чемпиону Айсулуу Тыныбекова эркин күрөш боюнча Кыргыз Республикасынын курама командасынын курамында Нью-Дели шаарына келди.
Индира Ганди атындагы Эл аралык аэропортто кыргыз спортсмендерин КРнын Индиядагы Элчиси А.Исаев, Элчиликтин кызматкерлери, кыргыз диаспорасынын, ошондой эле Индиянын күрөш Федерациясынын өкүлдөрү тосуп алышты.
КРнын спорт делегациясы 2020-жылдын 18-23-февралында өтө турган Азия Чемпионатына катышат.
Турнирдин ачылышы бүгүн, 18-февралда, «KD Jadhav Hall of Indira Gandhi» стадионунда өтөт.
Аялдар арасында эркин күрөш боюнча мелдештер 20-21-февралда өтөт.