Соода-экономикалык кызматташтык

Эки өлкөнүн экономика жана айыл чарба жааты бирин –бирин толуктап турат. Мисалы, Иран,  Кыргызстан үчүн зарыл болгон өнөр жай, химиялык жана айыл чарба азыктарын  чыгарат. Кыргызстан болсо, өз кезегинде, Иранга  зарыл  болгон  мал азыктарын, төө буурчак  жана башка заттарды жабдууга мүмкүнчүлүгү бар.

Кыргызстандын  Иранга экспортунун негизин  эт, төө буурчак, жангак, атайын өнүмдөр,  темир сыныктары түзөт, ал эми Кыргызстандын импортун- ар кандай тамак-аш азыктары, жылмакай туш плиткалар, химиялык товарлар краска, кир  жуугуч порошок , пластмасса буюмдары, кийим-кече, килем жана полго салуучу килемдер, техника жана башка өнөр жай   үчүн керектүү каражаттар түзөт. Ирандык ишкерлер Кыргызстандын рыногунда биринчилерден  болуп келишкен , Бишкек жана Ош шаарларында  соода жана өнөр жай көргөзмөсүн уюштуруп, ишке ашыргандардын  бири, алардын көбү азыр ийгиликтүү иштеп жатышат.

Кыргыз Республикасынын Соода-Өнөр жай Палатасынын маалыматы боюнча, Кыргызстан  менен Иран Ислам Республикасынын ортосундагы бизнес байланыштарды түзүү боюнча жигердүү иш алып бара жатышат, эки өлкөнүн Соода-өнөр жай палатасынын ортосундагы кызматташуулар менен туруктуу тажрыйба алмашуу, иш-чараларды өткөрүү азыркы күнгө чейин уланууда.

Кыргыз Республикасында  200 дөн ашык ирандык жана биргелешкен ишканалар  катталган алардын ичинен 64 жеке ишканалары соода экономикалык тармагында  иш-аракеттерди иш  жүзүнө ашырып келишет. Бул ишканалардын жалпы санынын 70% дан көбүрөөк чийки  заттарды экспорттоого жана даяр кызмат соодасын  көрсөтүү импорту боюнча иш алып барса, 30% -ишканаларды  даярдоодо, айыл чарба продуктуларын кайра иштетүү, турак-жай жана өнөр жай,  курулуш материалдары, эл аралык жүк ташуу чөйрөсүнө таандык болуп эсептелинет.

Азыркы учурда  "Бишкек Эркин Экономикалык аймагында"  18 ирандык жеке ишканалар катталган жана азыркы учурда иш алып барууда.