Дипломатиялык миссиянын башчысы
Сыдыков Турдакун Сыдыкович
Кыргыз Республикасынын
Иран Ислам Республикасындагы
Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси
Туулган жылы, жери: 1963-жылдын 26-марты, Кыргыз Республикасы.
Билими: Жогорку, 1985-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин Чет тилдер факультетин аяктаган.
Эмгек ишмердүүлүгү:
1993-1995-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ-нин) Консулдук агентствосунун башчысы;
1995-1996-жж. - Кыргыз Республикасынын ТИМнин Консулдук Башкармасынын Үчүнчү катчысы;
1996-1999-жж. - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин Атташеси;
1999-2002-жж. - Кыргыз Республикасынын ТИМнин, Биринчи Саясий Департаментинин Чыгыш өлкөлөр Башкармасынын Экинчи катчысы, Биринчи катчысы
2002-2006-жж. - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Элчилигинин Экинчи катчысы, Биринчи катчысы. Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы иштери боюнча ишенимдүү өкүлүнүн милдетин убактылуу аткаруучусу;
2006-2008-жж. - Кыргыз Республикасынын ТИМинин, Чыгыш өлкөлөр Департаментинин Кеңешчиси
2008-2012-жж. - Кыргыз Республикасынын Нью-Йорк шаарындагы (АКШ) Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) алдындагы Туруктуу Өкүлчүлүгүнүн
Кеңешчиси - Туруктуу Өкүлүнүн Орун басары;
2012-2013-жж. - Кыргыз Республикасынын ТИМнин Кадрлар Башкармалыгынын башчысы;
2013-2015-жж.- Кыргыз Республикасынын ТИМнин Расмий өкүлү - Маалымат жана басма бөлүмдүн Башчысы;
2015-2019-жж. - Кыргыз Республикасынын Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугундагы Элчилигинин Кеңешчи-Кичи Элчиси;
2019-ж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин маалымат-талдоо иштери боюнча Кеңешчиси - Өзгөчө тапшырмалар боюнча Элчи;
2019-ж. - 2020-жж. - Кыргыз Республикасынын ТИМнин Талдоо, пландоо жана тышкы саясатты координациялоо департаментинин Мүдүрү;
2020-2021-жж. - Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин Катчылыгынын жетекчиси - Өзгөчө тапшырмалар боюнча элчи - Министрдин кеңешчиси;
2021-жылдын июнь айынынан тартып - Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси, Кыргыз Республикасынын Экономикалык Кызматташтык Уюмундагы Туруктуу өкүлү.
Чет тилдерди билүүсү: англис тилде эркин сүйлөп, окуп, жаза билет. Фарс жана түрк тилдеринде оозеки сүйлөп, окуп, жаза билет.
Дипломатиялык рангы: 1-класстагы Кеңешчиси.
Үй-бүлөөлүк абалы: Үй-бүлөөлүү, эки баланын атасы.