Пресс-релиз
Үстүбүздөгү жылдын 12-июнунуда Кыргыз Республикасынын Иран Ислам Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарымдуу Элчиси А.Абдуразаков Иран Көчмөндөр оюунун Федерациясынын Президенти Голям-Реза Джафари менен КР элчилигинде жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө, Кыргызстандын элчиси дагы бир жолу 2018 –жылдын 2-8-сентябрда Чолпон-Ата шаарында өтө турган III- Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндар жөнүндө жана катышуу шарттары тууралуу маалымат берип, ирандык спортчуларды чакыруу менен Ысык-Көлдө өтүүчү оюнга жигердүү катышып берүүсүн суранды.
Өз кезегинде, Джафари мырза чакыруу үчүн ыраазычылык билдирип, Ирандын улуттук спортчулар командасын III-Дүйнѳлүк кѳчмѳндѳр оюндарына жигердүү катыша тураарын белгиледи.