Документтерди мыйзамдаштыруу

Италияда берилген документтерди Кыргызстанда колдонуу максатында легалдаштыруу

2011-жылдын 1-августунан тартып Кыргыз Республикасы 1961-жылдан бери иштеп келе жаткан Гаага конвенциясына кошулду. Бул Конвенцияга ылайык Конвенциянын мүчөлөрүнүн ортосундагы берилген расмий документтерин легалдаштыруу талабы жокко чыгарылат.

Жогоруда айтылган Конвенцияга кошулгандан тартып италиялык документтер, Италиянын тиешелүү органдары тарабынан апостиль коюлган болсо, Кыргыз Республикасынын аймагында элчиликтин кошумча тастыктоосу жок расмий түрдө таанылып жарай берет, анткени Италия дагы бул Конвенциянын мүчөсү болот.

Эгер Сизге италиялык документтерди Кыргызстанда колдонуш үчүн легалдаштыруу керек болсо, Сиз ошол документ берилген офис менен байланышып апостиль жол-жобосунан өтүшүңүз керек.

Кыргызстанда берилген документтерди Италияда колдонуу максатында легалдаштыруу

Кыргызстанда берилген документтерди Италияда колдонуу үчүн (легалдаштыруу үчүн) документтерге Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигинде апостиль койдуртуш керек.