Үстүбүздөгү жылдын 23-24 – октябрь күндөрү Кальяри шаарында (Сардиния аралы) Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук тейлөө иштери жүргүзүлөт

2388

Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!

2021-жылдын 28-ноябрында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоого даярдык көрүүнүн жана өткөрүүнүн алкагында Кыргызстандын Италиядагыдагы элчилигинин кызматкери үстүбүздөгү жылдын 23-24 – октябрь күндөрү Кальяри шаарына (Сардиния аралы) барып Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт.

Эки күн бою шайлоочулардын тизмесине кирүү үчүн консулдук каттоо жана добуш бере ала турган жарандардын биометрикалык маалыматтарын чогултуу процедурасы аткарылат.

Иш-чаранын дареги: Via Roma 173, Cagliari.

23 октябрь саат 09-00дөн 20-00гө чейин өткөрүлөт

24 октябрь саат 09-00дөн 16-00гө чейин өткөрүлөт

ЭСКЕРТҮҮ: Кыргыз Республикасынын шайлоо мыйзамына ылайык шайлоого чейин биометрикалык маалыматын тапшырган жана Элчиликте консулдук каттоого турган атуулдар гана добуш берүүгө катыша алышат. Кимде ким биометрикалык маалыматын тапшырбаса жана консулдук каттоого турбаса, добуш берүүгө катыша албайт.

Ушул себептен, урматтуу мекендештер, ар бириңиздер 15-ноябрга чейин сөзсүз түрдө https://tizme.gov.kg сайтында баш багып өздөрүңүздөрдү шайлоочулардын тизмесинен текшерүүнү өтүнөбүз. Эгерде Сиз өзүңүздү аталган сайттагы тизмеден таппай калсаңыз, анда Кыргызстандын консулдук бөлүмүнө +366 493 7577 телефону аркылуу кайрылууңузду суранабыз.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK