Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары! 2023-жылдын 11-12-февралында Кыргызстандын Италиядагыдагы Элчилигинин кызматкери Сардиния регионунун Кальяри шаарына барып консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт. Дареги: via Roma 173.
Урматтуу Кыргыз Республикасынын жарандары!
2023-жылдын 11-12-февралында Кыргызстандын Италиядагыдагы Элчилигинин кызматкери Сардиния регионунун Кальяри шаарына барып консулдук тейлөө иштерин жүргүзөт.
Дареги: via Roma 173.
11- февралында саат 11:00дөн 20-00гө чейин өткөрүлөт.
12- февралында саат 9:00дөн 17-00гө чейин өткөрүлөт.
Кабыл алууда жарандарга паспорт берүү, нотариалдык аракеттерди жасоо, консулдук каттоо, социалдык-укуктук маалымкаттарды берүү боюнча кызматтар көрсөтүлөт.
Жарандардан жогоруда көрсөтүлгөн процедураларды өткөрүү үчүн бардык керектүү документтердин болушун суранабыз.
Ушуга байланыштуу консулдук кабылдамага катышуу тууралуу алдын ала kgembassy.it@mfa.gov.kg электрондук дареги аркылуу билдирип же Элчиликтин консулу Султан Бараканов менен +39 3664937577 (WhatsApp) телефону аркылуу байланышыңыздар.