2023-жылдын 13-мартынан баштап «Мекен-карт» документин алуу үчүн документтерди кабыл алуу башталат

323

Бул үчүн чет өлкөлүк жаран төмөнкү дарекке кайрылышы керек:

1) Кыргыз Республикасынын аймагында кайрылган учурда – аймактык бөлүктөргө же калкты тейлөө борбору (мындан ары – КТБ);

2) Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде кайрылган учурда – Кыргыз Республикасынын чет өлкөлөрдөгү мекемелерине.

Белгилей кетсек, чет мамлекеттердин жарандарына чет өлкөлүк жарандыгы бар мекендештин статусу төмөнкүдөй укуктарды берүү менен ыйгарылат:

– Кыргыз Республикасынын аймагына виза тариздебестен кирүү, чыгуу, транзит менен жүрүү, орун которуу жана болуу;

– жашап турууга уруксат тариздебестен, Кыргыз Республикасында туруктуу жашоо;

– эмгек визасын тариздебей жана иштөөгө уруксаты жок Кыргыз Республикасынын жарандары үчүн бекитилген негизде жана тартипте ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда иштөө же башка эмгек ишмердүүлүгү менен алектенүү;

– саламаттык сактоо жана билим берүү чөйрөсүндөгү төлөнүүчү кызматтарды Кыргыз Республикасынын жарандары менен бирдей шартта төлөө;

– жер тилкесине укук пайда болгон күндөн тартып он жылдын ичинде айыл чарба багытындагы жерлерди ээликтен ажыратып берүү;

– Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын өткөн учурдан тартып 90 (токсон) жумушчу күндүн ичинде болгон жери боюнча каттоо мүмкүнчүлүгү.

Көрсөтүлгөн статусту ыйгаруу менен «Мекен-карт» документи берилет, анын жарактуу мөөнөтү 10 жыл.

Чет өлкөнүн жарандыгы бар мекендеш статусу жаппы жана жөкөкөйлөтүлгөн тартипте берилет. Эгерде чет өлкөлүк жарандар Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыккан учурдан тартып алты ай өтө элек болсо, жөнөкөйлөтүлгөн тартипте берүү өтүнүчү менен кайрылууга укуктуу.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK