Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын «ANICA» санариптик кино жана аудиовизуалдык өнөр жай улуттук ассоциациясынын Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Роберто Стабиле мырза менен жолугушту

247

2023-жылдын 31-мартында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын «ANICA» санариптик кино жана аудиовизуалдык өнөр жай улуттук ассоциациясынын Эл аралык бөлүмүнүн башчысы Роберто Стабиле менен жолугушту.

Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы коомдук дипломатиянын маанилүү багыты болгон кинематография тармагындагы кызматташуунун кеңири чөйрөсү талкууланды.

Элчи биргелешип кино тартуу, италиялык телеконтентти Кыргызстанда көрсөтүү, өз ара кинофестивалдарды уюштуруу, кыргыз тасмаларын Италиядагы белгилүү кинофестивалдарга катыштыруу, ошондой эле Кыргызстандан кинорежиссерлор менен актерлор үчүн Италиялык кино мектептеринде стажировкаларды уюштуруу боюнча кыргыз-италиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнү сунуштады.

Ошол эле учурда бул демилгелерди ишке ашыруу максатында Италиянын Маданият министрлигинин жетекчилигинин Кыргызстанга иш сапарын уюштурууну жана кинематография тармагында кызматташуу боюнча өкмөттөр аралык келишимге кол коюуну сунуштады.

Роберто Стабиле Элчилик менен мурда түзүлгөн байланыштар «ANICA» ассоциациясына Кыргызстандын Кинематография департаменти менен бирге белгиленген эл аралык долбоорлорду ишке ашыруу маселесин талкуулоону баштоого мүмкүндүк бергенин белгиледи. Ал Кызматташуу келишимине кол коюу үчүн быйылкы жылы Италиянын Маданият министрлигинин жетекчилигинин Кыргызстанга сапарын уюштурууга даярдыгын билдирди.

Бул демилгелерди талкуулоо максатында тараптар 2023-жылдын апрель айында Роберто Стабилдин Кыргызстанга сапарын уюштуруу жана Кыргызстандын Кинематография департаментинин жетекчилиги менен жолугушууларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишти.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK