Кыргыз Республикасынын Элчиси/Кыргызстандын ФАОдогу Туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев Рим шаарында ФАОнун Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту

239

2023-жылдын 3-апрелинде Кыргыз Республикасынын Элчиси/Кыргызстандын ФАОдогу Туруктуу өкүлү Таалай Базарбаев Рим шаарында БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун (ФАО) Башкы директору Цюй Дунъюй менен жолугушту.

Тараптар ФАО тарабынан Кыргызстанда ишке ашырылып жаткан долбоорлорду ишке ашырууга байланышкан маселелерди, ушул жылдын июль айында келе жаткан ФАО конференциясын талкуулашты, ошондой эле Кыргыз Республикасы менен БУУнун Айыл чарба жана азык-түлүк уюмунун ортосунда келишимдик-укуктук базаны бекемдөө боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн маанилүүлүгүн белгилешти.

Ошондой эле Т.Базарбаев ФАОнун Башкы директорун 2022-жылы декабрда Нью-Йоркто БУУнун 110дон ашык мүчө мамлекеттеринин колдоосу менен кабыл алынган, БУУнун Башкы Ассамблеянын “Туруктуу тоолорду өнүктүрүү” резолюциясынын ажырагыс бөлүгү болгон «Тоолуу аймактарды өнүктүрүү боюнча беш жылдык 2023-2027-жылдар» концепциясынын алкагында Кыргызстан тарабынан тоо маселелери боюнча жүргүзүлүп жаткан иш-чаралар тууралуу маалымдады.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK