Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев иш сапары менен Сицилия аймагындагы Катания провинциясына барды

175

2023-жылдын 6-7-апрелинде Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев иш сапары менен Сицилия аймагындагы Катания провинциясында болду.

Рандаццо шаардык мэриясынын имаратында Рандаццо шаарынын мэри Франческо Джованни Эмануэле Сгрой, вице-мэрдин, шаардык кеңештин төрагасынын, мэрдин соода-экономикалык кызматташтык, туризм, урбанизм, шаар куруу жана экология боюнча кеңешчилеринин катышуусунда кеңири форматтагы жыйын өттү.

Токмок жана Рандаццо шаарларынын ортосунда өз ара кызыкчылык туудурган багыттар боюнча кызматташууну түзүү боюнча талкуу болду.

Жолугушуунун жыйынтыгында Рандаццо шаарынын мэри миң жарым жылдык тарыхы бар, II-кылымдын Байыркы Баласагун шаарынын курамына кирген Бурана мунара археологиялык эстелиги менен белгилүү болгон Токмок шаары менен достук жана кызматташтык келишимине кол коюп, кыргыз тарапка тапшырды.

Кол коюлган Келишим соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык алмашууну камтыйт.

Тараптар 2023-жылдын июнь айында Рандаццо шаарынан делегациянын Токмок шаарына иш сапарын уюштуруу боюнча макулдашууга жетишти, анын жүрүшүндө Токмок шаарынын мэри келишимге кол коет. Италиялык делегациянын курамына бизнес, маданий-гуманитардык чөйрөлөрдүн өкүлдөрү болору күтүлүүдө.

Мындан тышкары, 6-апрелде Рандаццо шаарында Т.Базарбаев италиялык ишкерлер үчүн Кыргызстандын экспорттук, инвестициялык жана туристтик потенциалы боюнча презентация өткөрдү.

Маалымат үчүн: Рандаццо биздин заманга чейинки VI-кылымда негизделген, бай маданий жана тарыхый мураска ээ, ЮНЕСКОнун Бүткүл дүйнөлүк маданий мурастар тизмесине кирген – Этна жанар тоосу, ошондой эле байыркы чиркөөлөр, сарайлар жана археологиялык музейлерге ээ байыркы шаар.

Шаар Сицилия аймагынын үч негизги провинциясынын – Катания, Мессина жана Эннанын транспорттук жолдорун бириктирген стратегиялык жерде жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK