2023-жылдын 11-апрелинде Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин имаратында Элчи Таалай Базарбаев Кыргызстандын Беневенто шаарындагы (Кампания аймагын камтыган консулдук округу менен) жаңы дайындалган Ардактуу консулу Антонио Кастиелло менен жолугушту.

329

Жолугушуунун жүрүшүндө Италиянын Тышкы иштер жана эл аралык кызматташтык министрлиги тарабынан Антонио Кастиеллого берилген экзекватура салтанаттуу түрдө тапшырылып, ага Ардактуу консул катары тиешелүү функцияларды аткарууга ыйгарым укуктар берилди.

Элчи Ардактуу консулду кызматка дайындалышы менен куттуктап, анын ишинин башталышы менен Кампания аймагында болгон Кыргызстандын бардык жарандары анын компетенциясына кирген бардык маселелер боюнча аны менен байланышууга укуктуу экенин белгиледи.

Ошону менен бирге, Ардактуу консул кыргыз-италиялык кызматташтыгын соода-экономикалык, маданий-гуманитардык, ошондой эле эки тарапты тең кызыктырган башка тармактарда өнүктүрүүгө максималдуу көмөк көрсөтөрүнө ишенерин билдирди.

Антонио Кастиелло кыргыз тарапка ишеним көрсөткөнү үчүн ыраазычылык билдирип, Кыргызстандын жарандарынын мыйзамдуу укуктарын жана кызыкчылыктарын камсыз кылуу, ошондой эле Кыргызстан менен Италиянын ортосундагы жемиштүү өз ара аракеттенүүгө көмөктөшүү үчүн бардык зарыл болгон күч-аракетти жумшоого даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK