2023-жылдын 17-июнунда Кыргызстандын Римдеги Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев менен Италиянын Болонья, Касерта, Кальяри(Сардиния аралы), Неаполь, Рим, Флоренция сыяктуу шаарларында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

170

2023-жылдын 17-июнунда Кыргызстандын Римдеги Элчилигинде Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасынын орун басары Н.Азыгалиев менен Италиянын Болонья, Касерта, Кальяри(Сардиния аралы), Неаполь, Рим, Флоренция сыяктуу шаарларында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү.

Жыйындын жүрүшүндө Төраганын орун басары Н.Азыгалиев Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине караштуу Миграция, мекендештер жана чет өлкөдөгү диаспоралар боюнча кеңештин төрагасынын орун басары катары катышуучуларга дүйнө жүзү боюнча кыргыз диаспора уюмдары менен кызматташууну өнүктүрүүгө багытталган түрдүү иш-чараларды уюштуруу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу кеңири маалымат берди.

Мындан тышкары, жарандар Италияда туш болгон актуалдуу маселелери жөнүндө суроолорду сурашты.

Өз кезегинде Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги жолугушууга катышкандарга Италиянын компетенттүү органдары менен биргеликте Кыргызстандын жарандарынын келүүсүн жеңилдетүүгө багытталган миграция жаатындагы өкмөттөр аралык макулдашуулардын негизги долбоорлорун макулдашуу боюнча жүргүзүлүп жаткан иштер тууралуу маалымат берди. Италияда айдоочу күбөлүктөрүн таануу жана алмаштыруу, социалдык камсыздандыруу жана пенсиялык камсыздоо, кылмыштуулуктун алдын алуу жана көзөмөлдөө жаатындагы эки тараптуу долбоорлор белгиленип, алар учурда мамлекеттик органдар тарабынан мүмкүн болгон кол коюу үчүн, анын ичинде Италиянын экономика жана финансы министрликтен тиешелүү уруксат алуу аркылуу изилденип жатканы белгиленди.

Ошону менен бирге чет мамлекеттерди Италиянын Өкмөтү жакынкы жылдарда сезондук жумуштарга эмгек квоталарын бере турган өлкөлөрдүн тизмесине киргизүүнүн тартиби жөнүндө толук маалымат берилди.

Ошондой эле улуттук биримдикти, маданиятты, каада-салтты жана үрп-адатты сактоодо жана аны кыргызстандыктардын Италиядагы өсүп келе жаткан муундарына жеткирүүдө эне тилдин ролу жана мааниси чоң экендиги белгиленди.

Жолугушуунун соңунда Төраганын орун басары Н.Азыгалиев Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги менен биргеликте диаспоралар менен туруктуу байланышты кармап турууга жана Кыргызстандын жарандарынын Италияда жүрүүсү боюнча тиешелүү маалымат алмашууга даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK