Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин “Менин үйүм 2021-2026” программасын ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 2-июнунан тартып 4-июнуна чейин Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги «Элдик турак-жай компаниясы»(«ЭТК») Турак жай сактык кредиттик компаниясы» ААКсынын Директорлор кеңешинин мүчөсү К.Асымбековдун Италияда жашаган кыргыз диспорасынын өкүлдөрү менен жолугушуусун уюштурду.

170

Кампания жана Сардиния аймактарында компакттуу жашаган Кыргызстандын жарандары келишимдик турак жай аманат механизминин ишке ашырылышы, ошондой эле компаниянын турак жай шарттарын жакшыртууга жана турак жай (ипотекалык) кредиттерин берүүгө багытталган ишмердүүлүгү менен таанышты.

Элчи Т.Базарбаев менен жолугушууда К.Асымбеков Италияда жашаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын турак жай шарттарын жакшыртууга багытталган ал айткан сунуштарын изилдөөгө кызыкдар экенин белгиледи.

Өз кезегинде, Элчи Т.Базарбаев Италияда иштеген жарандарга жеңилдетилген ставка боюнча турак жай (ипотекалык) кредиттерин алуу механизмдери тууралуу мындан ары маалымдоо үчүн ЭТКга зарыл жардам көрсөтүүгө даяр экендигин билдирди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK