Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Миландагы "Ла Скала" театрынын "Этуаль", Италиялынын классикалык балет академиясынын негиздөөчүсү Лилиана Кози, ошондой эле «Nuovo Balletto Classico» жогорку балет мектебинин жетекчиси Стафа Резарт менен жолугушту.

161

Маданият жана искусство тармагындагы кыргыз-италиялык кызматташтыкты өнүктүрүүнүн алкагында 2023-жылдын 19-апрелинде Реджо Эмилия шаарында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Миландагы "Ла Скала" театрынын "Этуаль" Италиялынын классикалык балет академиясынын негиздөөчүсү Лилиана Кози, ошондой эле «Nuovo Balletto Classico» жогорку балет мектебинин жетекчиси Стафа Резарт менен жолугушту.

Жолугушууда Элчи А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын жана Ч.Базарбаев атындагы Бишкек хореографиялык окуу жайынын ишмердүүлүгүнө жана Кыргызстанда балет искусствосун өнүктүрүүсүнө токтолуп, «Nuovo Balletto Classico» жогорку балет мектеби менен Кыргызстандын жаш балет артисттерин жана мугалимдерин Италияда окуу стажировкасын уюштурууну камтыган Кызматташуу келишимин түзүүнү сунуштады. 

Лилиана Кози Кыргыз опера жана балет театрынын сахнасында биргелешкен чыгармачылык ишмердүүлүктү зор канааттануу менен белгилеп, Кыргызстан менен Италиянын балет мектептеринин ийгиликтүү кызматташтыгын өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Өз кезегинде Стафа Резарт кыргыз тарап менен эки тараптуу келишимге кол коюуга даярдыгын билдирди, анда 2024-жылдын башынан тарта Кыргызстандын балет бийчилери үчүн Реджио Эмилия шаарында 6 айлык стажировкадан өтүү үчүн 4 квота каралат.

 

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK