Италияда “Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык автономиясын өнүктүрүү” семинары өтүүдө

183

2023-жылдын 3-июлунан 7-июлуна чейинки аралыкта Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин катышуусунда Флоренцияда “Кыргызстандын ЖОЖдорунун каржылык автономиясын өнүктүрүү” («DEFA») семинары өтүүдө.

Бул долбоор Европа Биримдигинин Эразмус+ программасынын колдоосу менен Флоренция университети тарабынан ишке ашырылууда.

2023-жылдын 4-июлунда иш-чаранын расмий ачылышынын алкагында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Т.Базарбаев семинарларга Кыргызстандын ондон ашык ЖОЖдорунун жетекчилиги катышканын канааттануу менен айтып, маданий-гуманитардык кызматташуу - дипломатиянын маанилүү инструменттеринин бири, ошондой эле Бишкек жана Флоренция шаарларынын мэрияларынын ортосунда түзүлгөн кызматташтыктын багыттарынын бири болгонун баса белгиледи.

Өз кезегинде Флоренция шаарынын мэриясынын жетекчилиги бул долбоорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду, ал Бишкек шаары менен боордош шаар мамилелерин түзүү боюнча Макулдашууну ишке ашыруунун башталышы болуп, ага кол коюлушу Флоренция шаарынын мэриясынын быйылкы жылы Бишкекке пландаштырылган сапары алкагында пландалууда.

Иш-чаранын жүрүшүндө италиялык тарап муниципалитеттин жана Флоренция университетинин ишмердүүлүгү боюнча тематикалык презентация жасады.

И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинен «DEFA» долбоорунун координатору Н.Өмуров Бишкек жана Флоренция шаарларынын мэрияларынын активдүү өз ара аракеттенүүсүн уланта берген Кыргызстандын менен Флоренция шаарларынын университеттеринин илимий-билим берүү тармагындагы кызматташтыктын өнүгүшүнө канааттангандыгын билдирди.

Алдыдагы панелдик сессиялардын жүрүшүндө Кыргызстандын ЖОЖдорунун өкүлдөрү мындан ары интеграциялоо максатында отчеттуулук жана айкындуулук принциптерине негизделген бухгалтердик эсеп жана университетти башкаруу боюнча мыкты италиялык тажрыйбаны изилдешет.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK