2023-жылдын 24-сентябрында Мамлекеттик тил күнүн майрамдоонун алкагында Кыргызстандын Италиядагы Элчилиги Казерта шаарында (Кампания региону) Италиянын ар кайсы аймактарында жашаган кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү тарабынан уюштурулган маданий иш-чарага катышты.

139

Т.Базарбаев өз сөзүндө мекендештер мекенинен алыс болсо да кыргыз тилинин өнүгүшүнө чоң салым кошуп жатканына ыраазычылыгын билдирди. Ошол эле учурда ата-бабаларыбыз калтырып кеткен бул улуу мурасты мындан ары да сактоонун маанилүүлүгүнө өзгөчө көңүл бурду.

Майрамдык иш-чаранын жүрүшүндө жарандар элдик ырларды аткарып, комуз чертип, ошондой эле бул майрамдын урматына атайын жазылган ырларын окушту.

Ошону менен бирге, майрамдык салтанаттын алкагында улуттук маданиятты жана руханий байлыкты өнүктүрүүгө жана чет өлкөлөдө жайылтууга кошкон салымы үчүн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Н.Т.Шакиевдин атынан диаспора өкүлдөрүнө ыраазычылык каттары тапшырылды.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK