2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев менен Италия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириеллинин жолугушуусу өттү.

140

2023-жылдын 3-октябрында Кыргыз Республикасынын Элчиси Таалай Базарбаев менен Италия Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары Эдмондо Чириеллинин жолугушуусу өттү.

Жолугушууда кыргыз-италиялык эки тараптуу кызматташуу маселелери кеңири талкууланды. Тараптар ар кандай деңгээлдеги эки тараптуу сапарларды даярдоого жана тышкы иштер ведомстволарынын жетекчилигинин деңгээлинде саясий консультацияларды өткөрүүгө өзгөчө басым жасады.

Мындан тышкары, жолугушууда соода-экономикалык жана илимий-техникалык байланыштарды кеңейтүү, ошондой эле соода-инвестициялык жана маданий-гуманитардык чөйрөлөрдө кызматташууну тереңдетүү маселелери көтөрүлдү.

Жолугушуунун жыйынтыгында Кыргызстан менен Италиянын Тышкы иштер министрликтеринин ортосунда 2023-жылдын аягына чейин саясий консультацияларды өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK