Италиядагы Элчилигинин көмөгү менен КР Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борбору менен «Coldiretti Sardegna» ассоциациясынын ортосунда онлайн режиминде өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюлду

135

2023-жылдын 9-ноябрында Кыргыз Республикасынын Италиядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министрлигине караштуу Жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борборунун директору Б.Кудайбердиев жана Италиянын айыл чарба өндүрүүчүлөрүн бириктирген «Coldiretti Sardegna» ассоциациясынын президенти Б.Квальба менен онлайн режиминде өз ара түшүнүшүү жөнүндө меморандумга кол коюшту.

Онлайн жолугушуунун жүрүшүндө Италиянын Сардиния аймагына Кыргыз Республикасынан эмгек ресурстарын тартуу боюнча кызматташуу маселелери талкууланды. Иш чөйрөсү дыйканчылык, туризм жана мейманкана бизнеси болмокчу.

Пилоттук долбоордун алкагында «Coldiretti Sardegna» Кыргыз Республикасынын жарандарын Италияда толук социалдык пакет менен ишке орноштуруу мүмкүнчүлүгүн берет.

Бул долбоорду ишке ашыруунун кийинки кадамы эки тараптуу кызматташуу жөнүндө Макулдашууга кол коюу болот, ал Италияда ишке орношууну каалаган Кыргыз Республикасынын жарандарынын арасынан тандоо мүмкүнчүлүгүн берет.

Кененирээк маалымат жана суроолор боюнча жарандарды чет өлкөдө ишке орноштуруу Борборуна (Бишкек ш., Токтогул көч. 237; Ош ш., Ленин көч. 221) кайрылуу сунушталат.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK