Италияда «Салыштырмалуу аска искусствосу: Кыргызстандын жана Камоника өрөөнүнүн маданий мурастары» аттуу таанышуу семинары уюштурулду

172

2022-жылы Кыргызстандын Италиядагы Элчилигинин көмөгү менен Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигине караштуу Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекциясы менен "Centro Camuno di Studi Preistorici" тарыхка чейинки изилдөөлөр жана аска искусствосу боюнча археологиялык Борборунун ортосунда кызматташуу жөнүндө меморандумга кол коюлган.

Тараптардын ортосунда жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун алкагында 2023-жылдын 25 тартып 30-ноябрына чейин Камониканын Альп өрөөнүндө (Брешия провинциясы, Ломбардия регионунда) «Салыштырмалуу аска искусствосу: Кыргызстандын жана Камоника өрөөнүнүн маданий мурастары» аттуу таанышуу семинары уюштурулду. Иш-чарага Тарых жана маданият эстеликтерин коргоо боюнча республикалык инспекциянын жана Ж.Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинин өкүлдөрү, ошондой эле Италиядан, Португалиядан жана башка өлкөлөрдөн келген адистер, профессорлор катышты.

Семинардын жыйынтыгында 2024-жылы “Centro Camuno di Studi Preistorici” археологиялык борборунда кыргыз петроглифчилерин, анын ичинде Кыргызстандын жогорку окуу жайларынын студенттерин окутууну уюштуруу боюнча макулдашууга жетишилди.

Ошол эле маалда италиялык адистер Кыргызстанга таанышуу миссиясы менен келип, петроглифтерди изилдеп, алардын документациясын жүргүзүшөт.

Ошону менен бирге, Кыргызстандын петроглифтери боюнча эл аралык көргөзмөнү кийинчерээк каталогду чыгаруу менен уюштуруу келишими түзүлдү.

Маалымат үчүн: Камоника өрөөнү - Европадагы эң чоң петроглифтер коллекциясын камтыган ЮНЕСКОнун маданий мурасы. CCSP Археологиялык борборунда каталогдук документтерди жана дүйнө жүзү боюнча жүргүзүлгөн көптөгөн объектилерди изилдөөлөрдү камтыган Бүткүл дүйнөлүк аска искусствосунун архиви жайгашкан.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK