Кыргызстан менен Италиянын укук коргоо тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

92

2024-жылдын 9-февралында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын ыйгарым укуктуу министри, Ички иштер министринин дипломатиялык кеңешчиси Марко Виллани менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев маектеши менен Кыргыз Республикасы менен Италия Республикасынын укук коргоо органдарынын ортосундагы кызматташуунун кеңири чөйрөсүн талкуулады. Кыргыз тараптын италиялык кесиптештери менен тыгыз кызматташууга даярдыгын белгиледи.

Коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү, терроризмге каршы аракеттенүү, миграция, ошондой эле реадмиссия жөнүндө эки тараптуу макулдашуулардын долбоорлорун кароону тездетүү өтүнүчүн билдирди. Аларга кол коюу быйыл Италияга боло турган жогорку деңгээлдеги сапарлардын жүрүшүндө күтүлүүдө.

Ыйгарым укуктуу министр М.Виллани Италиянын Ички иштер министрлигинин Кыргыз Республикасы менен өз ара аракеттенүү боюнча активдүү позициясын белгиледи. Ал эки мамлекеттин компетенттүү органдарынын ортосунда мыкты тажрыйбаларды жана маалыматтарды мындан ары алмашуу үчүн зарыл болгон белгиленген эки тараптуу макулдашууларга кол коюуда керектүү көмөк көрсөтүүгө даяр экендигин баса белгиледи.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK