КР Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын “ITA” соода жана инвестиция агенттигинин президенти Маттео Зоппас менен эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулады

115

2024-жылдын 23-февралында Кыргыз Республикасынын Италия Республикасындагы Элчилигинин имаратында Элчи Таалай Базарбаевдин Италиянын «ITA» соода жана инвестиция агенттигинин президенти Маттео Зоппас менен жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө эки тараптуу соода-экономикалык жана инвестициялык кызматташуунун келечеги талкууланды.

Элчи Т.Базарбаев Президент М.Дзоппастын көңүлүнө Кыргыз Республикасында жеңил өнөр жай, энергиянын кайра жаралуучу булактары, айыл чарбасы, ошондой эле бөтөлкөдөгү сууну өндүрүү жана экспорттоо жаатында кызматташуу боюнча келечектүү долбоорлорду сунуштады.

Ошону менен бирге, италиялык бизнес миссиясын жетектеп, 2024-жылы Кыргыз Республикасына келүүнү, алдыдагы ири көргөзмө иш-чараларына катышууну, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилиги жана потенциалдуу экономикалык өнөктөштөр менен жолугушууларды өткөрүүнү сунуштады.

Президент М.Дзоппас «ITA» агенттигинин кыргыз тарап менен активдүү өз ара аракеттенүүсүн канааттануу менен белгилеп, эки өлкөнүн ишкерлеринин бизнес байланыштарын максималдуу өнүктүрүүгө көмөктөшүүгө даяр экенин билдирди.

Тараптар талкууланган кызматташуу пландарын ишке ашыруу үчүн мындан аркы тыгыз кызматташууну макулдашышты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK