Кыргызстан менен Италиянын юстиция тармагындагы эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланды

111

2024-жылдын 29-январында Кыргызстандын Италиядагы Элчиси Таалай Базарбаев Италиянын Юстиция министринин дипломатиялык кеңешчиси Аугусто Массари жана Министрликтин Эл аралык укуктук кызматташуу башкармалыгынын Башкы директору Стефано Опилио менен жумушчу жолугушуу өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Элчи Т.Базарбаев маектештерди Кыргызстандагы саясий озгөрүүлөр жана реформалар тууралуу маалымдады.

Ошону менен бирге, Италиянын компетенттүү органдары менен биргеликте эки тараптуу кызыкчылык туудурган түрдүү чөйрөлөрдө эки тараптуу келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү боюнча Элчилик тарабынан жүргүзүлүп жаткан иштерге көңүл бурду.

Ошондой эле жарандык жана кылмыш иштери боюнча юридикалык жардам көрсөтүүдө өз ара аракеттенүүнү өнүктүрүү зарылдыгын белгилеп, соттолгондорду өткөрүп берүү маселесинде кызматташууга даяр экендигин баса белгиледи.

Дипломатиялык кеңешчи А.Массари мындан аркы тыгыз өз ара аракеттенүү жана алдыңкы тажрыйбалар менен алмашуу үчүн мыйзамдык базаны түзүү максатында Кыргызстандын компетенттүү органдары менен кызматташууну түзүүгө кызыкдар экенин билдирди.

Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар талкууланган маселелер боюнча өз ара аракеттенүүнү улантууну макулдашты.

Бөлүшүү

Facebook LinkedIn Twitter VK OK